Коом
Кыргыз балы дүйнөдө 20дан ашык өлкөгө сатылды. Тизме
Кыргызстан 2020-жылдын январынан октябрь айына чейин 388,3 тонна бал саткан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Сатылган аселдин жалпы наркы 1,4 миллион доллардан ашкан (110,3 миллион сом).
Бал кайсы жакка канча өлчөмдө экспорттолгон (тонна менен):
- Кытай — 96;
- Сауд Аравия — 53;
- БАЭ — 42,1;
- Кувейт — 39,9;
- Андорра — 33,4;
- Казакстан — 20,7
- АКШ — 20,5;
- Россия — 14;
- Япония — 11,8
- Түштүк Корея — 10,4
- Тайвань — 9,9;
- Франция — 9,8;
- Катар — 9;
- Бахрейн — 4,4;
- Малайзия — 3,5;
- Өзбекстан — 3,5.
- Оман — 3,2;
- Азербайжан — 1,1;
- Иордания — 0,7
- Индия — 0,5;
- Улуу Британия — 0,5;
- Германия — 0,1;
- Сингапур — 0,1;
- Швейцария — 0,1;
- көрсөтүлбөгөн мамлекет — 0,1.
2019-жылдын ушул эле мезгилинде 355 тоннадай бал 103,2 миллион сомго сатылган болчу.