Коом

Коронавирус. 165 кишиден табылып, эки бейтап каза тапты

8-январга карата Кыргызстанда дагы 165 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 81 991 адамгажетти. Алардын 77 547си сакайды. Соңку бир күндө 171 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1365 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

Бишкек шаарында– 77;
Ысык-Көл облусунда — 24;
Чүй облусунда – 21;
Жалал-Абад облусунда — 17;
Ош облусунда — 16;
Нарын облусунда — 5;
Талас облусунда – 3;
Баткен облусунда – 2 киши.

Ош шаарында бул суткада оору чыккан жок.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 8-январда 88 миллиондон ашты. Оорудан көз жумгандар 1 миллион 898 миңден көп.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button