Окуялар
Бишкекте өспүрүм балага сексуалдык ыдык көрсөткөн мектеп мугалими кармалды (ФОТО)

Бишкек шаарында жашы жете элек балага ыплас мамиле жасаган делип 37 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 4-январь күнү райондук милицияга С.Ж. аттуу аял кайрылып, 15 жаштагы уулуна сексуалдык ыдык көрсөткөн адамга чара көрүүнү суранган.
Шектүү шаардагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеген И.А. экени аныкталган. Аталган факты Жазык кодексинин 165-беренеси («Ыплас аракеттер») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн ыплас аракеттерди жасоого аракет кылган учурдагы видеосу дагы табылган.
Жаран Октябрь райондук сотунун чечими менен Бишкек шаардык тергөө абагына эки айга камалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.