Депутат Жанар Акаев аялын ур-токмокко алып, ал милицияга арыз менен кайрылды
Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленини РИИБинин кызматкерлери билдиришти.
Аталган мекеме билдиргендей 8-январь күнү болжол менен саат 13:30 чамасында 102 кызматына Бишкек шаарындагы Турусбеков көчөлөрүнүн биринде үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу маалымат келип түшкөн.
Кайгуул кызматкерлери окуя болгон жерге барышканда К.Ж. аттуу айым милиция кызматкерлерине аны үйүнөн жолдошу сабаганы тууралуу билдирген. Андан соң К.Ж. Ленин РИИБине арыз менен кайрылып, күйөөсү Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевге чара көрүп берүүнү укук коргоо органдарынан суранган.
Арыз ээси уруш учурунда күйөөсү аны оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, моюн тарапка согуп, бир нече ирет тепкендигин, жыйынтыгында жабырлануучунун тырмагы сынып, кан кеткендиги билдирген.
Азыркы тапта “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.



