Коом
Жанар Акаев аялын сабады деген маалымат жалган экенин айтты

Депутат Жанар Акаев жубайын сабап салып, аялы милицияга арыз жазды деген маалымат тараган эле. Мындай жаңылык тарагандан көп өтпөй ЖК депутаты жана жубайы дароо реакция кылып, тараган маалымат жалган экенин айтышты.
«Урматтуу достор! Өзгөчө журналисттер. Жанар Акаев аялын сабады деген маалымат таптакыр чындыкка дал келбейт. Андай болушу мүмкүн дагы эмес. Муну кайсы булак, эмнеге таянып билдирди? Же ар бириңерди үйгө чакырайынбы? Баса белгилеп айтып айтып коёюун, андай болгон эмес, эч качан болбойт дагы», — дейт өз сөзүндө Жанар Акаев.
Ошондой эле анын жубайы: “Менде баары жакшы. Эч кандай арыз жазган эмесмин”, — деген депутаттын жубайы Жыргал Масалбекова.
