Коом
Коронавирус. 135 киши жуктуруп,эки бейтап каза тапты

Кыргызстанда өткөн суткада 135 кишиден коронавирус аныкталды, ал эми 151 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек — 68;
- Ош — 0;
- Чүй облусу — 22;
- Ош облусу — 8;
- Талас облусу — 4;
- Нарын облусу — 1;
- Ысык-Көл облусу — 21;
- Жалал-Абад облусу — 6;
- Баткен облусу — 5.
Пандемиядан бери 82 273 киши жугуштуу ооруга кабылды.
Соңку суткада COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
- Бишкек — 56;
- Ош шаары — 7;
- Чүй облусу — 39;
- Ош облусу — 2;
- Талас облусу — 2;
- Нарын облусу — 9;
- Ысык-Көл облусу — 22;
- Жалал-Абад облусу — 7;
- Баткен облусу — 7.
Ушуну менен сакайгандардын саны 77 902ге жетти.
Ошондой эле стационарда 849 бейтап дарыланууда. Анын ичинде 9 адамдын абалы канааттандырарлык, 542 киши орточо, 251 бейтап оор, 47 адам өтө оор абалда жатат.
Тилекке каршы, түндө Бишкек жана Баткен облусунда эки бейтап көз жумган. Жалпысынан коронавирус 1 369 кишинин өмүрүн алды.