Автоматтык санактын саат 21:00гө карата жыйынтыгы: Садыр Жапаров алдыга озуп чыкты (ТИЗМЕ)
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.
Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.
Адахан Мадумаров — 6,60%;
Бабыржан Төлбаев — 2,31%;
Мыктыбек Арстанбек — 1.66%;
Абдил Сегизбаев — 1.46%;
Имамидин Ташов — 1.19%;
Клара Сооронкулова — 0.98%;
Аймен Касенов — 0.91%;
Улукбек Кочкоров — 0.69%;
Канатбек Исаев — 0.57%;
Бактыбек Калмаматов — 0.50%;
Курсан Асанов — 0.50%;
Элдар Абакиров — 0.50%;
Равшан Жээнбеков — 0.19%;
Каныбек Иманалиев — 0.16%;
Жеңишбек Байгуттиев — 0.09%;
Арстанбек Абдылдаев — 0.08%;
Баарына каршы — 1,32%.
Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумду президенттик башкарууну колдогондор көп — 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.
Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.
Президенттик кезексиз шайлоодо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берчү кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Саат 18:00гө карата алардын 33% көбү катышты.
Референдумга:
— президенттик;
— парламенттик;
— баарына каршы деген варианттар коюлган.
Шайлоо бюллетенине президенттик кызмат үчүн жарышка чыккан 18 талапкер катталган. Алардын ичинен Рашид Тагаев талапкердиктен өз каалоосу менен баш тарткан.