Саясат
“Атаандаш талапкерлерге кек сактабай, иштешкенге даярмын!” Садыр Жапаров пресс-жыйын өткөрдү (ВИДЕО)

2021-жылдын жылдын 10-январында өткөн Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасы тууралуу референдумдун алдын ала жыйынтыктарын БШК жарыялады. Алардын маалыматы боюнча алдын ала жыйынтык боюнча президенттик шайлоодо Садыр Жапаров жеңип чыкты. Андан тышкары шайлоочулар президенттик башкарууну тандашты.
Кечээ, 10-январда шайлоо аяктагандан кийин Садыр Жапаров журналисттерге пресс-жыйын өткөрдү.