Коом

Коронавирус. Акыркы суткада 107 адамга жугуп, эки бейтап каза тапты

Өткөн суткада Кыргызстан боюнча коронавирус 107 адамга жукса, 101 киши илдеттен айыкты. Оору эки адамдын өмүрүн алып кетти. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

Каза тапкан эки адам Бишкек менен Ысык-Көл облусунун тургундары болгон.

Бир сутка ичинде COVID–19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 82;
  • Ош – 0;
  • Чүй облусу – 8;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 0;
  • Нарын облусу – 0;
  • Ысык–Көл облусу – 10;
  • Жалал–Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу – 4.

Кыргызстанда коронавирус катталгандан бери жалпысынан 82 380 адамга жуккандыгы айтылды.

Стационарда учурда 839 бейтап дарыланууда.

Алардын ичинен:

  • 10 адам – канааттандырарлык абалда;
  • 543 – орточо оор;
  • 232 – оор абалда;
  • 54 – өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда 1 241 бейтап бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button