Коом

«Ала Тоо» аянтына кайрадан белгисиз адамдар чогулуп, тамак-аш алып келүүдө. Сүрөт

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтына белгисиз адамдар кайрадан чогулуп, тамак-аш жана мазыкалык жабдууларды алып келүүдө. Бул тууралуу жеринин Sputnik агенттиги жазып чыкты.

«Элүүдөн ашык чымыр денелүү балдар борборго чагулду, арасында металлодетектор көтөрүп жүргөндөр дагы бар. Бирок алар өзүн тааныштыруудан баш тартты. Эки чакан автобус аянтка музыкалык техника менен суусундуктарды алып келди. Ал эми белгисиз бирөөлөр Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде автоунаанын кыймылын чектөө үчүн тосмолорду коюп жатышат», — деди кабарчы.

Эске салсак, кечээ кечинде дагы өзүн тааныштырбаган адамдар борбордук аянтта концерт уштурууга  аракет кылган. Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ал жерде эмне болуп жатканын тактап, маалымат берерин билдирип, бирок кийин байланышка чыккан эмес. Көп өтпөй аянттагылар тарап кеткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button