Окуялар

Милициянын кайгуул кызматкерлери бычак менен коркуткан жаранды кармады

2021-жылдын 10-январында болжол менен саат 21:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Алтымышов көчөсүнөн балдар уруп жатат деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1992-жылы туулган А.М аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 20:50 чамасында белгисиз эки жаран арыз ээсин уруп, денесине зыян жеткирген. Ошол эле убакта бычак менен коркутушкан.
Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын уюштуруп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Т.А жана 1985-жылы туулган Т.М. аттуу жарандарды кармашып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.
Бул факты Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button