Саясат
ШКУ байкоочулары президенттик шайлоону жана референдумду легитимдүү өттү деп тааныды
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоону жана референдумду ачык, адилеттүү жана легитимдүү өттү деп тааныды. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Владимир Норов видеоконференция учурунда билдирди.
Ал ШКУ байкоочуларынын ишинин жыйынтыгынын урунттуу учурларын атады:
- БШКдагы иш-чаралар ачык-айкын болуп, ЖМКлар тарабынан тыкыр чагылдырылды;
- бардык талапкерлерге үгүт иштери үчүн бирдей шарттар түзүлдү;
- шайлоо кампаниясынын ар бир этабы ЖМК тарабынан чагылдырылды. Журналисттердин материалдары аркылуу шайлоочулар талапкерлердин программасы менен таанышты;
- шайлоодо атаандаштык күч болуп, мунун аркасынан жарандык коом тарабынан катуу көзөмөлдөндү;
- одоно мыйзам бузуулар болгон жок;
- байкоочулар миссиясы шайлоону жана референдумду ачык, адилеттүү жана легитимдүү өттү деп тааныйт;
- байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы демократиялык процесстердин мындан аркы өнүгүшүнө маанилүү кадам болду деп эсептейт.