Коом

Замирбек Абылаев, врач-эксперт: Калааны каптаган кара түтүндүн негизги себеби — ЖЭБ

Акыркы эки-үч жылдан бери кыш мезгилинде Бишкек шаарынын абасы бузулуп, кара түтүн каптап турганы коомчулукта талкуу жана тынчсызданууну жаратып келет. Учурда калааны каптаган кара түтүн боюнча ар кандай пикирлер жана сындар айтылууда. Бул тууралуу пикирин врач-эксперт Замирбек Абылаев элге жеткиликтүү маалымат берди.

«Бишкек шаарын үстүн калың ыштын чүмкөп турганына эки жыл болду.
Шаарыбыз дүйнөдөгү эң таза эмес абалуу шаарлардын бирине айланды. Зыяндуулук нормадан он эсе жогору болуп жатат.

Мен, врач катары айтсам, адамдар оор темир заттарынын калдыктары менен дем алып, ден-соолуктарына терс таасир тийгизип жатат. Ансыз да, 62 пайыз элибиз КОВИДтен жабыр тартып, элдин дем алуу органдары көнүмүш илдети болгон: пневмония, бронхит, астмадан жабыр тартып турган чагы.

Эгерде, экологиянын оор таасири мындан ары таасир эте бере турган болсо, элдин өпкөлөрүндө опухол клеткалары пайда болуу коркунучу турат, Кудай сактасын.
Ыштын эң негизги себептеринин бири бул — ЖЭБден чыккан түтүн.
Эки-үч жылдан бери Кара-Кеченин көмүрүн жагып, ушундай абал жаралды.
Себеби, Кара-Кеченин көмүрү таптуулугу төмөн, тез күйүп, ышты абдан көп чыгарат, антени ал жетилбеген көмүр. Анан калса, ЫШ көп чыккандыктан атайылап чирик чыпкалар орнотулган деген да сөздөр бар.

Буга чейин ЖЭБ Казакстандын боз көмүрүн, мазут, газ аралаштырып жагып келген.
Экинчи себеби — кичи от казандарда (котельный), жеке менчик үйлөрдүн морлорунан, таштандыларды төккөн жерден чыккан түтүн.
Андан кийин гана машиналардан чыккан көмүртек газы.
Өкмөт тез арада чара көрүүсү зарыл:

  1. ЖЭБди, кичи от казанын тезинен газга өткөзүү керек.
  2. Эл, көмүр жана резина жакпаш үчүн, шаардын менчик үйлөрүнө газ киргизүү зарыл.
    Кыш айларына электр энергиясынын баасын бир сомго түшүрүү керек.
  3. Таштандыларды чогулткан полигонду көзөмөлгө алуу жана кайра иштетүүчү заводун куруу зарыл.
  4. Ток менен жүрө турган унааларды көбөйтүү зарыл.
    Ал эми, «Евро-5» бензинин киргизели, азыркы колдонулуп жаткан бензиндин киришин токтотолу деп жаткан айрым депутаттар, өз бизнестерин өнүктүрүү максатында иш алып барууда, же бирөөлөрдүн кызыкчылыгын көздөөдө. Бензин 50-55 сомдон болсо, эл кантип машиналарын айдап, кантип оокат кылат?
    Депутаттар, Өкмөт евробензин алып келүүнү колдошсо, анда Европадагыдай евро менен айлык төлөп берсин.
    Мен күйүүчү майга болгон бааны көтөрүүгө макул эмесмин»,- деди Замирбек Абылаев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button