Коом

Ноокатта 16 жаштагы кызга нике кыйган молдо 3 жылга эркинен ажыратылды

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылында имам жашы жете элек 16 жаштагы кызды документин карабай, нике окуган деп айыпталып, 3 жылга эркинен ажыратылды.

Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.Айыпталуучу имам өзүнүн айылдашы 1998-жылы туулган М.М. менен Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айылынын тургуну жашы жете элек 16 жаштагы М.Н.нын 18 жашка толгон же толбогонун сурабай жана аты-жөнүн тастыктоочу паспортун карабай нике окулуучу китепке каттабай никесин окуган.

Соттук отурумда айыпталуучу имам күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, иш боюнча айтып берген. Анда октябрь айларында кошунасынын баласы үйлөнүп үлпөт тою болуп жатканын, ошол күнү тойдо кызмат кылып жүргөнүн кечинде үйгө кирип жатканда ага артынан кошунасы келип уулу менен келининин никесин окуп бер деп суранганын айтканын, ал никелерин окуганга макул болуп окуп бергенин айтып көрсөтмө берген.

Бул факты 2020-жылдын 2-сентябрь күнү катталган. Сот айыпталуучунун жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, тараптардын сөздөрүн угуп көрүп чечим чыгарат. Мында келтирилген далилдер бири-бирине каршылыгы жок, бири-бирин толуктап, иштин жагдайларын аныктап турат жана ал далилдерге ишенбөөгө сотто негиз жок.Тергөө органы тарабынан айыпталуучу имамдын аракети 178-берене менен квалификацияланган, башкача айтканда, алардын аракеттери “нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен ага карата никеге туруу боюнча диний ырым-жырымдарды жасаган адам, ал эми ошол диний ырым-жырымдарды жасаган жашы жеткен адам болуп саналат.

Бул себептен имамды сот күнөөлүү деп таап 3 жыл эркинен ажыратылып, Айыпталуучуга мунапыс мыйзамы колдонулуп, жазадан бошотулган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button