Коом
Караколдо салмагы 6,6 кг болгон ымыркай жарык дүйнөгө келди

Караколдун жашоочусу 38 жаштагы А.А., салмагы 6 кг 640 грамм болгон ымыркайда жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, ымыркай 14-январда Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө кесарево жолу менен төрөлгөн.
Министрликтен эне-баланын абалы жакшы экендигин кошумчалашты.