Коом

Прокуратура Бакай Кашкарбаевдин сөзүнө жооп кайтарды

Бакай Кашкарбаев буга чейин Башкы прокуратура тууралуу өзунүн жеке пикирин билдирип, социалдык тармактарга тараткан болчу. Көп өтпөй Кашкарбаевге прокуратура видео аркылуу жооп кайтарды. Анда: “Прокуратура органдарында кайрылуулар менен иштөө приоритеттүү багыттардын бири болуп саналат. Ошол себептен жетекчиликтин жана тийиштүү башкармалыктардын башчылары тарабынан жарандарды кабыл алуу графиги бекитилген.

Бейшемби күнкүгө Башкы прокурордун кабыл алуусу аныкталып, ага бүгүн жыйырмага жакын жаран алдын-ала жазылышкан. Азыр Башкы прокуратуранын имаратында жарандарды кабыл алуу аныкталган тартипте өз нугунда жүрүп жатат. Ал эми, Кашкарбаев Бакай аттуу жарандын “Башкы прокуратурада кабыл алуу жүргүзүлбөй жатат”- деген дооматы чындыка дал келбейт, анткени жарандарды кабыл алуу Жобосуна же башкача айтканда эрежесине ылайык жарандар алдын-ала кабыл алууга жазылышып, андан кийин кезек-кезеги менен киришет.

Мындан сырткары, өлкөнүн ар бир жараны жеке кабыл алууга белгиленген тартип аркылуу жазылууга укуктуу экендигин маалымдайбыз.

Ал эми, прокуратура органдарынын ишине тоскоолдук жаратып, ушуга окшогон далилсиз жүйөлөрүн тараткандарга мыйзам чегинде чара көрүүгө милдеттүүбүз.

Анткени ар бир жаран мыйзамды жана анын талаптарын сактоого тийиш”-дейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button