Мэрия: Бишкектеги маршрутка айдоочулары иш таштаса лицензиялары алынат

Маршрутка айдоочулары иш таштай турган болсо Бишкек мэрия ташып жеткирүүчү компаниялардын лицензиясын чакыртып алууну суранып Транспорт министрлигине кайрылат. Бул тууралуу Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев билдирди.
Буга чейин Бишкектеги маршруттук микроавтобустардын айдоочулары коомдук транспорттогу жол кире акысын көбөйтүүнү талап кылышкан. Эгер андай болбой турган болсо ишти токтотуп митингге чыгышарын айтышкан.
«Мэрия коомдук транспорттун жол кире акысын көтөрүү маселесин караган жок. Эгер айдоочулар иш таштай турган болушса, биз Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылып, айдоочулардын лицензиясын алуу маселесин карайбыз», — деди Бейшенбаев.
Буга чейин мэриянын маалымат кызматы Бишкекте маршрутка айдоочуларынын койгон талаптарын караган жумушчу топ түзүлгөнүн кабарлаган. Айдоочулар күйүүчү май, тетиктер кымбаттаганына байланыштуу жол кире акысын жогорулатууну суранышкан.