Бишкектеги кичи автобустун айдоочулары иш таштап, каттамга алардын бир бөлүгү гана чыкты

Бишкектеги кичи автобустун айдоочулары иш таштап, каттамга алардын бир бөлүгү гана чыкты.
Жүргүнчү ташуучулар иш таштоо жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү талабы менен байланыштуу экендигин билдиришти.
Ошол эле учурда шаардык коомдук транспорттор, тактап айтканда, троллейбустар жана автобустар кадимки тартипте иштеп жатышат.
Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы бүгүн иш таштоо болбой тургандыгын билдирди.
«Эртең менен саат 7:30да кичи автобустардын 45 пайызы каттамга чыккан. Бүгүн баары каттамга чыгат», — деп билдиришти башкармалыктан.
Ошол эле учурда, социалдык тармактарда жүргүнчүлөр кичи автобустарды көпкө күтүп жаткандарын, айрым каттамдардагы кичи автобустар гана жолго чыкканын жазышууда.
«Урматтуу шаар тургундары. Коомдук транспорттун үзгүлтүккө учурашына жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз», — деп мэриянын өкүлдөрү социалдык тармактардын колдонуучуларына жооп катары жазып жатышат.



