Гамал Сооронкулов, эколог: Абанын булганышы бир гана автомобилдерден чыккан түтүндөн эмес

Учурда Бишкек шаарын каптаган ыш тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Ал эми калааны каптаган кара түтүндүн пайда болуу себеби тууралуу экология боюнча көз карандысыз эксперт Сооронкулов Гамал Умаровичдин өз пикирин сурадык.
«Калааны каптаган кара түтүн боюнча айта турган болсок, бул боюнча комплекстүү ой -жүгүртүүбүз шарт. Бул жагдайда бир катар суроолуу чечилбеген маселелер бар.
Ал эми «Евро 5″ти күйүүчү рынокко киргизүү менен биз толук кандуу маселени чече албайбыз.
Маселен: ЖЭБден чыккан кара түтүн, Кара-Кеченин көмүрүн жагуудан мурда ЖЭБдин фильтрлерин жаңыртуу керек эле. Учурдагы абал талапка жооп бербейт.
Экинчи: Шаар четиндеги жаңы конуштардын көптүгү.
Үчүнчү: Германиядан, Япониядан, Россиядан келген эски автопарктагы ,катализаторлору жок автоунаалардын көптүгү.
Көпчүлүктүн эсине алынбаган эң негизги уулуу зат чыгаруу булагы бул — Бишкек шаардык таштанды төгүүчү жай (свалка). Ошол эле учурда аба циркуляциясынын жоктугу, имараттардын туура эмес курулушу.
Союз маалында Фрунзе шаары эң жашыл шаар катары 1-2-орунда турчу эле, ал эми азыр жашылдандыруу иштери жокко эсе.
«Евро 5″ майын алып келүүдөн мурда жогорудагы маселенин баардыгын комплекстүү эске алсак. Бир гана майды алып келүү менен маселе чечиле калбайт деп айтат элем»- деди эколог.
Эскерте кетсек, учурда Гамал Урматович флора жана фауна адистиги боюнча «Кыргызстандын экологиялык картасы» деген долбоордун алкагында иш алып барууда. Негизги максаты — өлкө аймагындагы, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү. Учурда Нарын, Ысык-Көл, Чүйдүн чыгыш тарабын, Таластын 50%ын жана түштүктүн Таш-Көмүрдөн Терек-Сай айылына чейинки аймактарынын экологиялык маселелерин иштеп чыкты.
Даярдаган: Нурзат Акматалиева