Окуялар
Бишкекте азык-түлүк саткан дүкөн өрттөнүп кетти
Бишкекте түндө дүкөн өрттөнүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
23-январга караган түнү 5-кичи районундагы №48 үйдүн жанында жайгашкан азык-түлүк саткан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 02:39да Октябрь районунан бир бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо саат 03:36да чектөөгө алынып, 04:30да толук өчүрүлгөн.
«Кийинчерээк дүкөндүн аянты 50 чарчы метр экени аныкталды. Ошондой эле азык-түлүктөр менен биргеликте 11 муздаткыч жана кондиционер күйүп кеткен», — деп айтылат маалыматта.
Өрткө электр жабдыктарын орнотуудагы эреже бузуулар себеп болгон.