Коронавирус. 93 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза тапты

Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 93 адам коронавирус жугузуп алса, 108 бейтап ооруну жеңип чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде катталган жаңы учурлар:
Бишкек – 27;
Ош – 2;
Чүй облусу – 29;
Ош облусу – 4;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 21;
Жалал-Абад облусу – 5;
Баткен облусу – 2.
Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкөдө COVID-19 жугузуп алган адамдардын жалпы саны 83 796га жетти.
Ал эми акыркы суткада илдеттен эки адам каза болуп, алар Чүй жана Ысык-Көл облусунун тургундары болгону айтылды. Ушуну менен өпкөнү сезгенткен оорудан 1 398 кыргызстандык каза болду.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 689 бейтап дарыланууда. Алардын төртөө канааттандырарлык абалда, 437си орто оордукта, 220сы оор абалда, 28и өтө оор абалда жатат.
Мындан сырткары, 1006 бейтап үй шартында дарыланууда.