Дүйнө

Японияда коронавирус жуктуруп, ооруканага кайрылбаган бейтаптарга кылмыш иши козголмой болду

Японияда коронавирус илдетин жуктуруп алып, дарыгерлерге кайрылбаган бейтаптарды катуу жазалоо мыйзамын кабыл алышты. Мамлекеттин премьер-министр Ёсихидэ Суга баш болгон жетекчилер коронавирустун жайылышына каршы эрежелерди сактоодон баш тартып жаткан ишкерлерди жана тургундарды жазалоо чараларын катуулатуу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгышты.

Жалпы улуттук “Асахи” гезити ишемби күнү маалымдагандай, жаңы мыйзам кабыл алынса иш убактысын кыскартпай жаткан ресторандарга ири өлчөмдө айыппул салынат, ал эми коронавирус жугузуп алып, ооруканага жатпай жүргөн тургундар кылмыш жообуна тартылат. Долбоор парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.

Өлкөдөгү оппозиция өкмөттүн мындай сунушун кескин сынга алууда.
Японияда эпидемиологиялык абал былтыр ноябрь айында курчуй баштаган. Бүгүнкү күндө бул өлкөдө коронавирус 357 миң адамга жукту, алардын дээрлик 5 миңдейи көз жумду.

Дүйнөдө COVID-19 вирусу жуккан адамдардын саны 100 миллионго чамалады, алардын 2 миллиондон ашуунунун өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button