Түркияда ит кожоюнун оорукананын эшигинин алдында алты күн күткөн

Медперсонал итти өздөрүнө үйүр алтып алышкан.
Бул окуя Түркиянын Трабзонунда болуп өткөн, деп билдирет Новости Mail.ru маалымат порталы, 23-январда.
Бончук деген ит оорукананын оозунда, кожоюну айыгып чыккыча алты күн күтүп олтурган.
Джемал Сентуркту тез жардам машинеси 14-январда оорканага алып кеткен. Ит тез жардамдын аркасынан чуркап жүрүп олтуруп, оорукананын эшигинин алдына келгенде гана токтогон, деп билдирет CNN. Итти ичкери киргизишкен эмес.

Иттин үйүнө кетпей жатканын баамдаган медперсонал Сентурктун үй-бүлөсү менен байланышышкан. Үй-бүлөсү итти алып кетишкен. Бирок, бир аз өтпөй эле ит үйдөн качып чыгып, кайра ооруканага келген.
Бончук кожоюнун чыдамкайлык менен бир жума күткөн. Бир жуманын ичинде медиктер итке дайыма тамак беришип, а Сентурк, кожоюнуна берилген кыйбас ити менен терезеден көрүшүп турган.