Окуялар
Ырчы Анжелика менен эки кызы аварияга учурашты

Ырчы Анжелика Балыкчы — Ананьево — Каракол трассасында аварияга учурады. Бул тууралу 24.kg маалымат агенттигине Түп районунун ички иштер башкармалыгы билдирген.
Авария кечээ саат 7лер чамасында болгон. Айдоочу рулду башкара албай калып бак сүзгөн.
«Рулда 34 жаштагы Асель Ж. болгон. Авариянын натыйжасында Анжелика менен анын эки кызы жабыр тартышкан. Кыздарынын бирөөнүн эки буту сынган, экинчси анча чоң эмес жараткат алган. Айдоочу эч нерсе болгон эмес. Адегенде жабырлануучуларга Түп райондук ооруканасында меджардам көрсөтүлгөн. Андан соң аларды Бишкекке которушкан», — деп редакцияга билдиришкен.
Булак: 24.kg маалымат агенттиги