Окуялар

Анжелика эс алууга бара жатып, кыздары менен жол кырсыгына кабылды

Ырчы Анжелика жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы жаракат алды. Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан жол кырсыгы 23-январда болгонун айтышты.

Маалым болгондой, автокырсык Балыкчы-Ананьево унаа жолунда катталган.

«Унаада ырчы Анжелика кыздары жана курбусу менен бара жаткан. Рулда ырчынын курбусу болгон. Айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Кырсыктын кесептинен ырчы жана анын 5 жаштагы кызы жаракат алып, Түп райондук ооруканасына жеткирилген», — дешти мекемеден.

Ал эми Анжелика кечээ, 23-январда интернеттеги баракчасына «Аллахка чексиз мактоолор, доктурларга таазим. Баары шүгүр, чын жүрөктөн төртөөбүзгө берип жаткан дуаларыңыздар кабыл болсун, аманбыз», — деп билдирүү калтырган.

Белгилүү болгондой, ырчынын кызы учурда райондук ооруканада, ал реанимобиль менен Бишкек шаарына жеткирилет.

Жабырлануучулар кырсык болгон учурда Түп райондук ооруканасына кайрылышкан. Ырчынын 5 жаштагы кызынын жамбашы сынган. Өзүнүн оң бутунун таманы сынган. Ал кечээ «Тез жардам» кызматы менен Бишкек шаарына томографияга тартылуу үчүн жөнөтүлгөн. Бүгүн, 24-январда кызы реанимобиль менен Бишкек шаарына жеткирилет деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button