Коом

ИИМ. Мончодо зордукталган өспүрүм тууралуу провокацияга алдырбай, такталган маалыматты күтөлү

Эки күндөн бери мончодо өспүрүм баланын зордукталган видеосу коомчулукту катуу талкууга салды. Бул видеону көргөндөр видеодогу зордукчул жигитке окшош жигиттердин сүрөтүн алып чыгышууда. Мындай кырдаалда баардыгы такталып, иш жүрүшү керектигин, учурда иш кылдат иликтенип жатканын КР ИИМ Басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов жазып чыкты.

«Урматтуу достор! Кыргызстандыктар!

Социалдык түйүндөрдө тараган видеоролик боюнча ИИМ бүгүн маалымат берген эле. Биз тактоо жана аныктоо иш-чараларын жүргүзүп жаттык. Анын үстүнө маселе тактала электе социалдык түйүндөрдө провокацияга алдырган да жарандар болду. Ошол эле соцтүйүндөр аркылуу ар кандай сүрөттөрдү салышып, ушул жигит экен деген да маалыматтар, аудио маалыматтар да тарап жатат. Божомолго алдырбай так маалыматтарды күтөлү. Ошол себептүү бул маалыматты тактап койолу дедик.

Аталган видеороликтеги окуя Кыргызстандын аймагында болгон эмес, бул окуя чет мамлекеттердин биринде болгондугу такталды. Экинчиден, аталган видеоролик бир эки жыл мурун болгондугу жана бул факты боюнча жоопкерчиликке тартылгандыгы тууралуу маалымат аныкталууда.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аталган окуянын чоо-жайын тактоо максатында ошол мамлекетке ыйгарым түрдө суроо өтүнүчүбүздү жибердик. Кыска убакыттын ичинде бул видео качан болгондугу, кайсы жерде болгондугу тууралуу, кимдер экендиги жана кабыл алынган чечимдер боюнча ыйгарым түрдө билдиребиз.

Урматтуу достор, бул окуяга кайдыгер карабаган замандаштарым аталган факт боюнча жакын арада кошумча маалымат болот тургандыгын билдиремин.
Сиздерди урматтоо менен Бакыт Сеитов»,- деп билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button