Коом
Жол чарба департаментинин директору мыйзамсыз байыган деп шектелүүдө

УКМК анын көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгонун, ал мүлктөр анын жакын туугандарына көмүскө түрдө катталганын аныктаган.
Анын 3 особнягы, кымбат баадагы автоунаалары, мал-жандыктары жана шаардын чок ортосунда 20дан ашык батирлери болгон.
Чогулган материалдардын негизинде мыйзамсыз баюу беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталган.
Учурда Жол чарба департаментинин директору Иманкулов Шабданбек Маданбекович.