Саясат
Садыр Жапаров алгачкы иш сапарын Орусиядан баштайт

Садыр Жапаровдун алгачкы иш сапары Орусияга пландалып жатканы айтылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымына караганда, Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү үчүн жаратылыш газына болгон бааны төмөндөтүү маселесин көтөрүп, алгачкы иш сапарын Оруссиядан баштоону пландап жатат.
Белгиле кетсек бүгүн, агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда 4 маселе каралды.



