Коом
Коронавирус. 97 адамдан аныкталып, дагы бир бейтап каза тапты
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 97 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык жаңы катталган учурлар:
Бишкек – 42
Ош шаарында — 2,
Чүй облусунда – 40,
Нарын облусунда – 2,
Ысык-Көл облусунда – 6,
Талас облусунда – 2,
Жалал — Абад облусунда — 2,
Баткен облусунда — 1.
Коронавирустан жалпы 1 миң 402 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир адам каза болду.