Коом
Бир жылда айдоочулар 500 миңден ашык жол эрежесин бузушкан
2020-жылдын 12-айында жалпы республика боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамынын жол кыймылынын эрежесин жана коомдук тартипти бузууларынын саны, 510 897 түзгөн. Алар:
- жол белгилерин, сызыктардын, кууп өтүү, токтоо жана токтотуу эрежелерин бузуу учуру 194005 факт.
- мас абалда автоунаа башкаруу учуру 8679 факт.
- техникалык кароодон өз учурунда өтпөө учуру 2176 факт.
- айдоого укугу жок ТК башкаруу учуру 3083 факт.
- транспорттун тетиктерин уруксатсыз өзгөртүп алуу учуру1588 факт.
- тийиштүү документтери жанында жок ТК башкаруу учуру 8654 факт;
- ылдамдыкты ашыруу учурун аныктоо 72045 факт.
- жол эрежелеринин башка түрлөрүн бузуу учурлары 220667 факт;
Убактылуу унаа токтотуучу жайга 39331 унаа каражаты токтотулган.
Урматуу жол кыймылынын катышуучулары! Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы жол эрежелеринин сакталбагандыгынан жол транспорт кырсыктары болуп жатканын эске алып, Сиздерди жол эрежелерин сактоого чакырат!
КР ИИМдин ЖКККББы Басма-сөз кызматы