Коом

250 миң доллар пара алууга шектелген активист Улан Жураев бошотулду

250 миң доллар пара алууга шектелген активист Улан Жураев бошотулду. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.

Алардын маалыматында, Бишкектин Биринчи май райондук соту Улан Жураев тергөө менен кызматташууга макул болгондугуна байланыштуу бошотту.

Аны менен чогуу кармалган Мелис Аспеков абакта калтырылды.

Белгилей кетсек, 9-январь күнү УКМК Мелис Аспеков жана Улан Жураев аттуу жарандарды кармашкан. Мелис Аспеков октябрь айында Садыр Жапаровду коштоп жүрүп, кийин өзүн анын Чүй боюнча штабынын жетекчиси катары жарыялаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button