Саясат

Президенттин басма сөз катчысы Жапаровдун алгачкы иш сапары тууралуу билдирди

Социалдык тармактарда «Россия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес» деген маалымат тарап жаткандыгына байланыштуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирүү жасады.

«Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун алгачкы чет өлкөлүк иш сапары Россияга болору чын. Бул багытта иштер жүрүүдө. Россия тарап менен биргеликте алдыдагы иш сапардын күнү жана жүрүшү каралып жатат. «Россия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес » деген маалымат чындыкка дал келбейт. Өз кезегинде коомчулукту мындай чагымчыл билдирүүлөргө ишенбей, расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат элем», — деди Байтерек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button