Окуялар

Интимдик сүрөттөрүн жарыялайм деп акча талап кылган шектүү кармалды

Бишкекте опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

11-январда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаран М.М. шантаж жана коркутуу жолу менен андан 30 миң сом талап кылган белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Шектүү арыз ээсинин интимдик мүнөздөгү сүрөттөрүн жана видеолорун анын туугандарына таратам деп коркуткан.

Бул факты Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине «опузалоо» беренеси менен катталган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шаардын аймагындагы Ленин РИИБдин кылмыштуу милициясынын опер кызматкерлери 15 миң сомду пара менен өткөрүп берүү учурунда, кылмышка шектүү С.С. кармалып, ал тергөө кызматына алынып келинип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button