Коом

Балбак Түлөбаев: Бишкекте томолой жетим балдар жана селсаяктар үчүн үй курулат

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев социалдык маселелер боюнча отурумдун жүрүшүндө жаңы шайланган президент Садыр Жапаров менен жолуккандыгын билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Жапаров ага эки тапшырма берген:

-томолой жетим балдар үчүн көп кабаттуу үй куруу;

-туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн борбор куруу.

«Азыркы учурда аталган маселе чечилүүдө, көп кабаттуу үй салуу үчүн «Учкун» кичирайонунда жана Ленин районунун аймагында жер тилкеси каралууда. Борбор куруу үчүн 50 сотых жер каралып, ал 200 орунга ылайыкташышы ыктымал», — деди ал.

Түлөбаев кошумчалагандай, Садыр Жапаров объекттердин курулушуна өзү каражат табууга убада берген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button