Окуялар

Кызыл-Кыя шаарынан автоунаа уурдап, Бишкекти көздөй айдап бараткан жаран кармалды (ФОТО)

2021-жылдын 25-январь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы автоунаа жуучу жайдан Кызыл-Кыя шаарынын 20жаштагы тургунунун “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар айдап качып кеткендиги боюнча арыз менен кайрылган.

Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренесинин ( Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 2021-жылдын 26-январь күнү криминалдык милиция кызматкерлер Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынан Бишкек шаарын карай багыт алган Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын 26жаштагы А.М. аттуу жаранын аныктап кармап келип, убактылуу жайга киргизди.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү кармалып келген 26жаштагы А.М. мурда 3 жолу оор беренелер менен соттолгондугу аныкталды.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button