Коом

Күнөөкөрдү издээрден мурун, «ала кушту атынан» атайлы…

Акыркы кездерде дарыгерлерге болгон кысым күч алып жатканы тууралуу Кыргызстандагы ооруканалардын дарыгерлери арызданууда. Дарыгерлердин нааразычылыктары интернет булактарына жарыяланып жатат. Бул тууралуу фейсбуктагы Истина.KG баракчасына жазылган статистиканы жана вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиевага айтылган сын жарык көрдү.

«Бөйрөктөн шыйрак чыгаргысы» келген ведомстволор аралык комиссиянын кыргыз коомчулугун дүрбөтүп жаткан бүтүмдөрү менен бирге, дүйнөлүк статистикага да көңүл бурууну эп көрдүк. Алыс барбай эле коронавирус илдети боюнча дүйнөлүк статистиканы күн сайын жарыялап келген worldometers.info сайтына баш багалы.
Акыркы цифраларга ылайык, дүйнө жүзү боюнча коронавирус илдетине 99 821 480 адам кабылып алардын ичинен 2 140 245 адам өлүмгө дуушар болгон. Аты жаман илдеттен 71 821 499 адам айыгып чыккан.

Оорууну жугузуп алгандардын сап башында АКШ турат. Аталган өлкөдө 25 702 125 адам илдетке кабылган. Андан кийин Индия — 10 668 674 адам, Бразилия — 8 844 600, Россия — 3 738 690, Улуу Британия — 3 647 463, Франция — 3 053 617, Италия — 2 466 813 адам. Тизмени андан ары булардан да өсүп өнүккөн өлкөлөр улайт.

Кыргызстан бул тизмеде коронавируска кабылган 83 971 адамды менен 84 орунда турат. КМШ боюнча кошуна өлкөлөр катары эсептелген Грузия, Казахстан, Украина, Азербайджан, Армения эбак эле бизден алдыга чыккан.

Илдеттен улам өлүмгө кириптер болуу боюнча Кыргызстан 1401 адамын жоготуп 81 орунда турат. КМШ чөлкөмүндө бул көрсөткүч төмөнкү катарда. Калкынын саны 2,9 миллионду түзгөн Арменияда коронавирустан 3000 адам каза болду.
АКШ илдеттен каза болгондор боюча алдыңкы орунга чыгып 429 миң 490 адамынан ажырады.

Көрүп тургандай, сандар болгон чындыкты айтып турат. Адам суктанарлык экономикасы, өнүккөн медицинасы болбосо да, Кыргызстан өлкөдө коронавирус илдетинен каза тапкандардын санынын аз болушуна бүткүл күч аракетин жумшады.

Андыктан, акыркы кездерде көзү кызарганча социалдык түйүндөрдө отуруп популизм менен алектенген вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиеваны жок дегенде эл үчүн «чыпалагын кыймылдатып» коюуга чакырабыз.

Эльвира айым системаны реформалап жиберүү колунан келбесе да, даяр вакциналарды өлкөгө алып келсин. Ага да жарабаса, элдин кыжырын кайнатпай, «эси барда этегин жаап» кызматын өз каалоосу менен өткөрүп бергени оң»,- деп жазылат баракчада.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button