Саясат

Жапаровдун инаугурациясына миңден ашык конок чакырылды. Баары ПЧР-тест тапшырган

Эртең, 28-январда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун ант берип, расмий түрдө кызматка киришүү иш-чарасы өтөт.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аземге катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.

«Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулууда. Чакырылгандардын баары коронавирус инфекциясына ПЧР-анализ тапшырышкан», — деп айтышты маалымат кызматтан.

Инаугурация өлкөнүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Мындан сырткары, Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында шаардыктар үчүн иш-чара түз эфирде көрсөтүлөт. Азем саат 10.45те түз эфирде көрсөтүлүп баштайт.

Садыр Жапаров 10-январда өткөн президенттик шайлоодо көпчүлүк шайлоочулардын колдоосуна ээ болуп алдыга чыккан. Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январда шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Жапаров 79,2 пайыз добуш менен жеңип чыкканын

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button