Коом

Жаныш Бакиевдин аялы Кыргызстанга келгени талкуу жаратууда

Мурдакы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин аялы Орозгүл Токторбаеванын Кыргызстанга келгени айтылууда. Бул тууралуу анын курбусу, ырчы Айчүрөк Султанова социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, Орозгүл Токторбаева жаңы долбоор менен келди.

«Ажарлуу курбубуз Орозгүл Токторбаева келип, кубанычыбызда чек жок», — дейт ал.

Ырчы бир аздан кийин сүрөттү алып салган.

Орозгүл Токторбаева дагы ырчы. Ал акыркы жылдары Минск шаарында жашап, Жаныш Бакиев менен кызын жана уулун тарбиялап келет.

Facebook баракчасындагы сүрөттөрүнө караганда, Орозгүл Токторбаева буга чейин дагы Кыргызстанга келип кеткен. Ал 2017-жылы Ошто болгонун сүрөт астындагы комментарийде ырастаган.

Орозгул Токторбаеванын Кыргызстанга келгенин коомчулук ар кандай талкууга алышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button