Окуялар

Ысык-Көлдө унаалар кагышып, бир адам каза тапты

Ысык-Көлдө 2 унаа кагышып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунда 26-январда саат 23:43тө Каракол-Бөкөнбаев-Балыкчы унаа жолунун 11-чакырымында “BMW 525” жана “Subaru Legasy” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 1 эркек бала (2000-жылы туулган) каза болуп, 3 адам жабыркаган. Жабыркаган жарандар “Тез жардам” кызматы аркылуу Каракол шаарындагы облустук ооруканага жеткирилген. Жерине КР ӨКМнин №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн 4 куткаруучусу тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button