Дамира Ниязалиева муктаж үй-бүлөлөргө көмүр алып берди

Убагында депутат, Саламаттык сактоо министри, вице-премьер министр болгон, белгилүү ишкер айым Дамира Ниязалиева акыркы 15 жылдан ашуун убакыттан бери өзүнүн туулуп, өскөн жери Жумгалга тынбай кайрымдуулук кылып келет.
Мындан беш жыл мурун ал муктаж адамдарга мал алып берип, кайрымдуулуктун жаңы методун пайдаланганга өткөн. Себеби, ага чейин акчалай бергендиктен, ал ар кандай болуп жок болуп кетери турган иш болгон. Былтыр орозо маалында Жумгалдагы 26 үй-бүлөгө миллион сомго жакын каражатка мал алып берген. Быйыл, 2021-жылдын башында Жумгалда суук катуу болорун жакындан билген Дамира Ниязалиева муктаж үй-бүлөлөргө 400 тонна көмүр алпарып берди. Көмүр ар бир айылга бөлүндү.
Кайрымдуулук кылган адамдын байлыгы эч качан кемип калбайт. Тескерисинче, берекелүү болот. Жакшылык кылуу-адамга сооп алып келет эмеспи. Андыктан колунда бар байлар, айланасындагы муктаж адамдарга жардам берсе деген тилек.