Саясат
Садыр Жапаров ант берип, расмий түрдө президенттик кызматка киришти

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти ант берип, расмий түрдө президенттик кызматка киришти.
Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова Садыр Жапаровго президенттин күбөлүгүн, штандарт жана төш белгини тапшырды.
Ант берген соң КРдин гимни жаңырып, келген коноктор ордунан туруп аны президент болушу менен кол чаап куттукташты.
Белгилей кетсек, президенттин ант берүү аземи Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өтүүдө. Иш-чарага мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, экс-премьер-министрлер, маданият өкүлдөрү келгенин түз эфирден көрүүгө болот.