Окуялар
«Уул төрөбөй койдуң» деген күйөөсүнүн ур-токмогуна чыдабаган аял асынып өлгөн

Уул төрөбөй койдуң деп күйөөсүнөн токмок жеп асынып каза болгон аялдын сөөгүн эксгумациялоо боюнча облустук сот токтом чыгарды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун чечиминде ачыкташты.
Алардын маалыматында , тергөөчүлөрдүн айтымында аял өлөөр алдында күйөөсү аеосуз ур-токмокко алган. Ошондой эле сурак учурунда күйөөсү аялын уул төрөбөгөндүгү үчүн күнөөлөп, ур –токмокко алып келгенин айткан. Аял уул төрөй албаганына ызаланып, күйөөсүнүн токмогунан кийин асынып каза болуп калган.
“Учурда жабырлануучу тарап комиссиялык экспертиза дайындоо жана сөөктү алып чыгууга уруксат берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган, бирок биринчи инстанция анын өтүнүчүн четке каккан », — деп айтылат соттун чечиминде.
Окуя Ала-Бука районунда катталган.