Коом

Оштогу машина алып-сатуу маселесине Сүйүн Өмүрзаковдун тиешеси жок

27-январь күнү «Ютуб» социалдык тармагы аркылуу Жалал-Абад облусунун тургуну Кыязбек Байсеитов «Кечки кабарлар» каналынын «Бийликке кабар» рубрикасы аркылуу өлкө жетекчилигине кайрылуу жасап, анда ал 2016-жылы сатып алган автомашинасын кайрадан саткан тараптар күч менен алып койгондугун билдирген.

Окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы төмөндөгүлөрдү билдирет: Видеокайрылуу жасаган Кыязбек Байсеитов 2016-жылы июнь айында, Ош шаарындагы «Жапалак» унаа базарынан 23 миӊ АКШ долларына «Инфинити» үлгүсүндөгү автомашинаны Искендер Мамазакиров аттуу жарандан баалашып сатып алып, 10 миӊ долларын берип калган акчаны кийинчерээк берүүгө макулдашкан. Калган 13 миӊ долларды кечиктирип алып барып берген учурда автомашинанын ээси «Инфинитини» башка бирөөгө сатып жиберген. Бүгүнкү күндө бул иш кайрадан Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан 2020-жылдын 5-декабрь күнү кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмүнүн белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Бул окуянын жагдайларын толук, объективдүү жана ар тараптуу изилдөөгө багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Аталган видеокайрылууда Кыязбек Байсеитов Ош шаардык ички иштер башкармалыгында кызмат өтөгөн кызматкерлердин аттарын атап, алардын орой мамилелерин белгилеп, ошондой эле ал кызматкерлерди «Мухаммед-Умар» спорт клубуна жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору С.Өмүрзаковго байланыштырган. Бүгүнкү күндө ал кызматкерлердин үстүнөн Кыргыз Республикасынын ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, кызматкерлердин кыймыл-аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн Ош шаардык прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Алгачкы иликтөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой бул автомашинаны тараптар тарабынан автомашинаны алып-сатуу ишине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору С.Өмүрзаковдун эч кандай тиешеси жоктугу аныкталган.

Жогоруда белгилегендей учурда бул кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button