Коом

Оштогу окуу жайдын жамааты жаңы директорго да каршы болууда

Кечээ, 27-январь күнү Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайына жаңы директор дайындалып, аны министрдин орун басары Иляз Балташев тааныштырды.

Окуу жайдын директорунун орун басары Райхан Самидинованын айтымында, алар дайындаган талапкерди музыкалык окуу жайдын жамааты жактырышкан жок.

«Биз жамааттын атынан 3 талапкерди көрсөткөнбүз. Директордун орун басары мени да көрсөтүштү, бирок менин директор болуу оюм жок. Ал эми бүгүн тааныштырган директор Ташболот уулу Ильяз биздин окуу жайда 2008-жылдан бери иштеп келет. Бир ооз «мен да талапкерлигимди коюп жатам» деп айтпады. 5 күндөн бери телефонун албай, сабактарына келбей жүрдү. Көрсө ушул ишти бүтүрүп жүрүптүр. Бизге бир ооз айтканда макул болбойт элек. Азыр Самара Каримованы колдогон 4 мугалим муну да колдоп жатышат. Бирок жамаат министрдин орун басарына да нааразычылыгын билдиришти. «3 ай сыноо мөөнөтү менен иштеп турсун» деди. Бирок биз макул эмеспиз, дагы арызданабыз. Кайра-кайра эле бизге маалымдабай, кеңешпей туруп, жетекчи кылып коюп жатышат. Самара Каримова келгенде кандай таң калсак, азыр да таң калдык», — деди Самидинова.

Булак: Turmush

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button