Коом

Коронавирус. «Аэрофлот» бир айга чейин эл аралык каттамдарын токтотту

«Аэрофлот» бир айга чейин эл аралык каттамдарын токтотту. Тизмеде Бишкек менен Ош да бар экенин авиакомпания өзү кабарлады.

Компания Кыргызстан менен алакасын 28-марттан 30-апрелге чейин токтотмокчу. Мындан тышкары, 86 ири шаарга да каттабай турган болду. Каттамдардын токтотулушу коронавирустук инфекциянын жайылышы менен байланыштуу экени айтылды.

«Буга чейин аталган рейстер боюнча авиакомпаниянын сайтынан же контакт-борбордон билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчасы автоматтык түрдө кайтарылат. Ал эми билеттерди «Аэрофлоттун» сатуу кеңселеринен алгандар ошол жактарга кайрылышы керек», — деп айтылат маалыматта.

Брондоо боюнча бардык маалыматтарды «Аэрофлоттун» «Управление бронированием» бөлүмүнөн текшерип алууга болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button