Коом

ВИДЕО. ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев кимге баш бармагын көрсөткөнү белгилүү болду

Бүгүн социалдык тармактарда ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин орто манжасын көрсөтүп, сөгүнгөн видеосу тарады. Коомчулукта депутат Жолдошбаев МАИ кызматкерин сөктүбү деген талкуу жаралган эле. Бул тууралуу Бишкектин Кайгуул күзөт милициясы маалымат беришти.

Жол кырсыгы бүгүн эртең менен Бишкек шаарындагы Тимирязев жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жерине милиция кызматкерлери барган.

«Lexus 570 үлгүсүндөгү унаанын 1991-жылкы И.А. аттуу айдоочусу Чокморов көчөсү менен чыгышты көздөй бара жатып Mercedes автосу менен кагышкан. Андан кийин жолдун четинде токтоп турган Honda Accord унаасын сүзүп алган. Lexus унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден кетип калган. Бирок бир нече убактан кийин кайра кайтып келип, жол кырсыгы тууралуу «102» кызматына кабарлаган», — дешти милициядан.
Жабыркагандар жок. Унаалардын бардыгы айып короого киргизилди. Материалдар тергөөгө жөнөтүлдү. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин унаасы да жол кырсыгынан кийин айып короого киргизилди.

Ал эми бул Камчыбек Жолдошбаев колун көрсөтүп, сөккөн видеону ошол окуя болгон жердеги күбөлөр тартып алышканы айтылат. Сүзүшкөн унаанын айдоочулары менен териштирүү мезгилинде депутат аларга колун көрсөткөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button