Бишкектеги батирден 82 миң доллар уурдалган

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерге кол салып жүргөн ууру кармалды, деп билдирди Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.
6-кичи райондун жашоочусу (аял киши) 18-январда милиция кызматкерлерине кайрылып, уурулар батиринен 82 миң доллар акчасын жана 18 миң долларга бааланган алтын буюмдарын уурдап кетишкенин айткан.
Бул факт Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталып, ыкчам иштер башталган. Анын алкагында Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1984-жылы туулган А.М. шектелип кармалып, Бишкек ШИИБдин абагына убактылуу камакка алынды.
Шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат. Эгерде сүрөттөгү шектүүдөн жабыркагандар болсо милиция кызматкерлери менен 0(706) 23-33-06 телефон номуру же «102» кызматы аркылуу байланышса болот.



