Коом

COVID: каза тапкандар катталган жок, бирок 59 киши ооруну жуктурган

Кыргызстанда акыркы суткада COVID 59 кишиге жукса, 91 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирустан эч ким каза тапкан жок.

«Кыргызстанда стационарда 581 бейтап дарыланууда. 166 адам оор, 30 киши өтө оор абалда жатат», — деп айтылат штабдын маалыматында.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 26
Чүй облусу – 19
Ош облусу — 2
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 4
Ысык-Көл облусу – 4
Жалал-Абад облусу – 1
Баткен облусу – 2
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

Бишкек – 47
Ош шаары – 1
Чүй облусу – 27
Ош облусу – 4
Талас облусу – 1
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 8
Жалал-Абад облусу – 2
Учурда амбулатордук дарыланууда 674 бейтаптын бар экендиги айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button