Коом

Кыргызстанда 2020-жылы адам өлүмүнүн саны 7 миңге көп катталды. Статистика

Кыргызстанда 2020-жылы адам өлүмүнүн саны 7 миңге көп катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, коронавирус инфекциясынын кесепетинен өлүм санынын туу чокусу 2020-жылы болду.

Кыргызстанда 2016-2020-жылдар аралыгында каза болгон адамдардын саны:

2016-жылы 33 миң 545;

2017-жылы — 33 миң 143;

2018-жылы — 33 миң 10;

2019-жылы — 33 миң 317;

2020-жылы — 40 миң 1 өлүм катталган.

Ушул эле аралыкта төрөлгөн ымыркайлардын саны:

2016-жылы 159 миң 584;

2017-жылы 155 миң 36;

2018-жылы 172 миң 663;

2019-жылы 173 миң 601;

2020-жылы 158 миң 174 жаңы төрөлгөн ымыркай катталган.

Беш жыл ичинде төрөлгөн ымыркайлардын эң көп саны 2019-жылы – 173 миң 601 болсо, 2017-жылы эң аз төрөлгөн — 155 миң 36.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button