Коом
Төрт жыл мурун үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. 27 жаштагы кызга издөө салынат (Фото)

Нарын районуна караштуу 8-Март айылынын 1993-жылы туулган тургуну Таалайбек кызы Гүлсүн 2017-жылдын 7-июль күнү Бишкек шаарына кеткен боюнча дайынсыз жоголуп жатат.
Бою болжол менен 165-170см, чачы кара узун, өңү ак жумал, көзү күрөң.
Көргөн билгендер болсо Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө кабарлап коюнуздарды сурайбыз.

Байланыш номерлери (03522) 5-16-51, 0500010004
Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы